ЧТ, 28 марта 23:53
15.3°C Джалал-Абад
USD: 89.51 EUR: 96.93 KZT: 0.19 RUB: 0.97

Маалымат

  • 23:46, 5 янв 2022
  • 580

           Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик тил жөнүндө”  Мыйзамын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Кыргыз Республикасында 2021-2025-жылдарга карата мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүү боюнча мамлекеттик программасын” ишке ашыруу жана Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин 2021-жылдын 16-сентябрындагы №1563/1 сандуу буйругунун негизинде Ноокен райондук билим берүү бөлүмүнүн 2021-жылдын 20-сентябрында №232/1 сандуу буйругу чыгарылды. Анын негизинде райондун бардык билим берүү уюмдарында (бала бакча, мектеп) 2021-жылдын 16-сентябрынан тартып 16-октябрына чейин мамлекеттик тилдин бир айлыгы жарыяланды.

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин бир айлык иш чаралар планынын негизинде ар бир билим берүү мекемесинде иш пландар иштелип чыгып, бекитилди. Иш пландын негизинде бардык билим берүү мекемелеринде тилге арналган дубал газеталар, буклеттер, бурчтар уюштурулду. Илинген көрнөк-жарнактар жаңыланды.

23-сентябрь – Мамлекеттик тил күнү салтанаттуу түрдө бардык билим берүү мекемелеринде белгиленди. Иш чарада “Кыргыз тили кылымдарды карыткан, эч ким аны ɵчүрɵ албайт тарыхтан”, “Тилим менен улукмун”, “Эне тилим асылдыгын сактаган, кымбаттыгын Манас бабам жактаган, тилин коргоп окко тɵшүн тоссо да, бирок эч ким эне тилин сатпаган”, ”Менин тилим эзелтеден улуу тил, улуулугун, сулуулугун тыңдап бил”, “Эне тил биздин элчибиз, эч бөксөрбөс кенчибиз”, “Эне тилди барктайлы, туу көтөрүп даңктайлы!”, “Эне тилим – жан дүйнөнүн ачкычы”, “Тилдеги- дилдер” — деген темада мугалимдер тарабынан слайд, видеороликтер даярдалып, окуучуларга жиберилди.

Ошондой эле салтанаттуу иш чараларда тилге арналган докладдар мугалимдер жана окуучулар тарабынан окулду.  Салтанаттуу иш чарада тил жɵнүндɵ көркөм окуулар, жандуу обондуу ырлар, “Манас” эпосунан үзүндүлөр,  “Улуулардан айткан кеп” тил жɵнүндɵ учкул сɵз, макал айтуу, кеп өнөрүн даңазалаган акыйнек айтышуулар окуучулар тарабынан тартууланды. Улуттук тамак-аштардын көргөзмөсү уюштурулду. Тилдин маанилүүлүгүнө, аны урпактан мураска калгандыгы, анын улуулугу, азыркы күндөгү тил көйгөйлөрү тууралуу сахна көрүнүштөрү көрсөтүлдү.

 

 

 

Кыргыз тили жана адабияты мугалимдери  мамлекеттик тил күнүнө карата ачык көрсөтмөлүү  сабактарды, ал эми класс жетекчилер тарбиялык сааттарды өтүштү. Мектеп китепканачылары тарабынан Мамлекеттик тилдин 32 жана эгемендүүлүктүн 30 жылдыгына карата китеп көргөзмөлөрүн уюштурушту.

№3 Алибаев атындагы орто мектебинин кыргыз тили мугалимдери тарабынан “Кыргыз тилим көөнөрбөс, өчпөс дилим” деген темада адабий кече уюштурулду. Ага Ош шаарынан төкмө акын Нурсултан Абдыкеримов катышты.

Башталгыч класстардын окуучулары арасында  “Кыргызстан Эгемендүүлүк жолунда”, “Тил жоголсо, эл жоголот”, “Мен Кыргызстандын атуулумун” деген темаларда  сүрөт сынагы өткөрүлдү. 10-11-класстарга “Улут сыймыгы – улуу тил”, Улут тили – улуу тил”, “Эне тил биздин энчибиз, эч бөксөрбөс кенчибиз” “Бул тилде бабам Манас сүйлөгөн” темаларда эссе жаздырылды.

Иш чараларга активдүү катышкан окуучуларга мектеп администрациясы тарабынан кызыктыруучу сыйлыктар жана Ардак грамоталар тапшырылды.

Райондогу бала бакчаларда да түзүлгөн иш пландардын негизинде бир топ иштер аткарылды. Мектепке чейинки билим берүү мекемелериндеги көрнөк-жарнактардын туура жазылышына көзөмөл жүргүзүлдү. Атайын бурчтар уюштурулду. Мамлекеттик тил гимни менен балдарды тааныштырып, аны жатка айтууну үйрөнүштү. “Манас” эпосунан үзүндүлөрдү айтышты. Тил тууралуу тарбиячылар тарабынан видеороликтер жана слайддар даярдалып, бөбөктөргө тартууланды. “Эне тили билбеген, элин сүйүп жарытпайт”, “Эне тилим – менин дилим”, “Эне тилим – эне сүтүм”, “Эне тили болбосо, аты аталбайт улуттун” деген темаларда ачык тарбиялык сааттарды өткөрүшүп, балдарды адабий тилде туура, так сүйлөөгө үйрөтүштү. Улуттук бийлерди аткарышты. Тил жөнүндө көркөм ырларды айтышты. Республикалык “Кыргыз тилин сүйөмүн” аттуу көркөм окуу сынагына материалдарды даярдашты.

1-октябрь — Карыялар күнүнө карата Ноокен райондук билим берүү бөлүмү тарабынан 2021-жылдын 15-сентябрынан 15-октябрына чейин “Улгайган курактагы адамдарга көңүл буруу жана камкордук” бир айлык акциясы жарыяланып, өткөрүү боюнча иш чаралардын планы  түзүлгөн. Райондогу жалпы билим берүүчү орто мектептеринде жана бала бакчаларында жергиликтүү карыяларына жана ардагер кызматкерлерине урмат-сый тартууланып, белектер берилди. Аларга  моралдык жактан колдоо көрсөтүлүп, тимурчулардын тобу айрымдарынын үй тиричиликтерине жардам беришти. Аларды конок катары мектептерге чакырып, мектеп окуучулары тарабынан концерттик программалар тартууланды. Жалпысынан, 92100 (токсон эки миң бир жүз)  сомдук белек-бечкектер (азык шириндиктери, жоолук-калпак, акчалай) тартууланып, урмат-сый көрсөтүлдү. Районубуздагы карыяларыбызга быйылкы жылы өзгөчө көңүл бурулду. Белгилеп кетсек, №14 И.М.Губкин атындагы орто мектеби 24000 сомдук, №3 орто мектеби 9100 сомдук, №1 Ж.Бөкөнбаев атындагы орто мектеби 8450 сомдук жана №16 Ж.Турусбеков атындагы орто мектеби 7500 сомдук белектери менен көпчүлүк карыяларга кубаныч тартуулай алышты.

Ал эми Ноокен райБББ жана райКБК тарабынан бизге бөлүнгөн 2 карыяга 2200 сом акча жана үйүнө барып, үй жумуштарына көмөк көрсөтүлдү. Мугалимдер күнүнө карата өткөрүлгөн иш чарага 10 ардагер мугалимдер чакырылып, аларга “Билим берүүнүн Ардагери” төш белгиси жана Ардак грамоталар тапшырылды. 11 ардагерге 8000 сомдук белек жана ар бирине белектер берилди. Ошондой эле 6 үйүндө ооруп жаткан ардагерлерге барып кабар алып, ар бирине 2000 сом (жалпы 12000 сом) акчалай жардам берилди.

2021-жыл 13-сентябрь күнү Ноокен районунун Кочкор –Ата шаарындагы Маданият үйүндө “Сапаттуу билим берүү жана руханий адеп-ахлактык тарбия — өлкөнүн өнүгүүсүнүн негизи” темасында мугалимдердин педагогикалык кеңешмеси болуп өттү.

Иш чаранын биринчи бөлүгүндө мектеп жана бала бакчалар тарабынан балдардын кол өнөрчүлүгү жана мугалимдердин көргөзмө куралдарынын жарманкеси уюштурулду.

№15 “Жомок”, №22 “Гулкайыр”, №45 “Наристем” балдар бакчаларынын тарбиялануучуларынын чакан концерттик номерлери тартууланды.

Иш чараны Ноокен райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Н.Олжобаев ачып, Ноокен райондук билим берүү тармагындагы аткарылган иштер жана жаңы 2021-2022-окуу жылына коюлган милдеттер жөнүндө айтып өттү.

Ошондой эле Ноокен мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары З.И.Юлдашева, айыл өкмөттөрүнүн орун басарлары, мекеме-ишканалардын жетекчилери, ардагер жана жаш мугалимдер, жалпысынан алганда 300 адам катышты.

Быйылкы окуу жылында мектептер жаш мугалимдер менен толукталып, жалпысынан 47 адис салтанаттуу ант беришип, алгачкы эмгек жолуна аттанышты.

Ноокен мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары З.И.Юлдашева, ардагер мугалим С.А.Ахмедов билим берүү тармагындагы жетишкендиктер жөнүндө айтып, бардык билим берүү кызматкерлерин жаңы окуу жылынын башталышы менен куттуктады.

Ноокен райондук билим берүү бөлүмүнүн окуу-усулдук кабинетинин башчысы У.Уметов “Мугалимдердин билимин өркүндөтүү багытындагы ийгиликтер”, №13 Рахманжан атындагы орто мектебинин директору М.Токтосунов “Социалдык капитал – акыл эмгегинин маданияты”, №45 “Наристем” бала бакчасынын директору Э. Тердикбаева “Мектепке чейинки билим берүүдөгү өзгөчөлүктөр”, №36 М.Мамаев атындагы орто мектебинин директору З.Акматалиева “Маалыматтык базаны түзүү – мезгил талабы” темасында докладдар менен чыгышты.

Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Ноокен райондук комитетинин төрагасы К.Нышанов өткөн окуу жылындагы жетишкен ийгиликтер, балдардын жана мугалимдердин жайкы эс алуусунун уюштурулушу жөнүндө маалымат берди. Ошондой эле өз сөзүндө 2020-2021-окуу жылында кесиптик чыгармачылыкты өркүндөтүү жана иш тажрыйбаларды жайылтуу максатында өткөрүлгөн “Жыл мектеби-2021” жана “Жыл бакчасы-2021” кароо-сынактарынын жеңүүчүлөрүн куттуктады.

Алдынкы жамааттарга жана ардагер мугалидерге Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Ноокен райондук комитетинин дипломдору, көчмө туулары жана баалуу белектери тапшырылды.

5-октябрь — Мугалимдердин кесиптик майрамына арналган  салтанаттуу иш-чара болуп өттү.  Салтанатка райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы- аким Ишенбеков Таалайбек Ишенбекович, орун басары Юлдашева Зияда Исламовна, аппарат жетекчиси Шеров Канатбек Орозбаевич, райБББдө жетекчилик кызматта иштеген Акматов С.А., Козуев Б.С., Айдаров А.Ч., жана айыл өкмөт башчылары, мекеме ишканалардын жетекчилери келип катышышты.

Иш-чараны Ноокен райБББнүн башчысы Олжобаев Нурбек Курманбекович ачып берип, концерттик номерлер менен коштолду.   #6 «Арал» орто мектебинин мугалимдер жамааты жана окуучулары тарабынан даярдалган адабий- музыкалык композицияны белек катары тартуулашса, Кочкор- Ата музыкалык мектебинин окуучулары өз өнөрлөрүн арнашты. Чакырылган билим берүү кызматкерлерине КРнын Билим берүү жана илим министрлигинин Ардак грамоталары,  «Билим берүүнүн мыктысы» төш белгилери, областтык жана райондук сыйлыктар тапшырылды.

Көзөмөлчүлүк кеңеш боюнча Жалал-Абад шаарында өткөрүлгөн семинарга райондон 6 мугалим барып катышты. Алар улуттук тренер катары даярдалып, 2021-жылдын 21-22-октябрь күнү №31 Татыкулов атындагы орто мектебинде 45 мектеп, 3 бала бакча директоруна семинар өткөрүлөт.

Отчёт 9 ай

 

 

Поделиться
Комментарии
Комментарии отсутствуют. Будьте первым!