ЧТ, 25 апреля 06:39
17.8°C Джалал-Абад
USD: 88.85 EUR: 94.91 KZT: 0.2 RUB: 0.95

Мектептерибизде аралыктан окутуу башталды!

  • 15:49, 6 янв 2022
  • 815

Ноокен районунда жалпы 46 мектепке чейинки билим берүү уюмдары бар.
Мамлекетибизде түзүлгөн убактылуу кырдаалга байланыштуу министирликтен
келген каттардын негизинде бардык балдар бакчаларында аралыктан окутуу иштери
менен байланышкан методикалык жана техникалык уюштуруу иштери жүргүзүлүп
турду. Билим берүү министринин педагогдорго ,ата –энелерге жазылган каттары
тарбиячыларга , ата-энелерге жетикирилди. Тарбиячылар өз алдынча окуу
программасына ылайык видео сабактарды жасаганды үйрөнүшүп даярдашты.
Баластан каналындагы атайын видеосабактардын жадыбалдардын графиги жана
эрежелери ата энелерге жеткирилди, ошондой эле балдар менен бирге өз ара
аракеттенүүгө көмөктөшүүгө тартуу, чакыруу иштери сылыктык менен жүргузүү
сунушталып жана ишке ашты. Учурдагы кырдаалга жараша технологияны жакшы
билген тарбиячылар , жетекчилер ZOOM тиркемеси , WHATSAPP аркылуу башка
тарбиячыларды үйрөтүшүп балдарга аралыктан билим берип окутуу үчүн толук
даярдык көрүлгөн.
8-апрелден башталган аралыктан окуу балдар жана ата-энелер тарабынан кызыгуу
менен кабыл алынды. Тарбиячылар жаңычыл аракетин көрсөтүп видео сабактарды
даярдап ата-энелерге балдарга жөнөтүп жатышат. Тарбиячылар балдар, ата-энелер
менен байланышууда ватсап группаларын ачып , берилген тапшырмаларга жоопторду
алууга мүмкунчулүктөрү бар.
Жетекчилер тарбиячылар менен планаштыруу ,талкуу пикир алышуу иштерин
жургузүүдө ZOOM тиркемеси , WHATSAPP аркылуу пайдаланып жоопкерчилик
менен иштеп жатышат.

Поделиться
Комментарии
Комментарии отсутствуют. Будьте первым!