ПТ, 26 апреля 04:19
16.8°C Джалал-Абад
USD: 88.85 EUR: 94.91 KZT: 0.2 RUB: 0.95

Ноокен райондук билим берүү бөлүмүнө караштуу билим берүү мекемелеринде Көзөмөлчүлүк кеңешин түзүү жөнүндө

  • 23:43, 5 янв 2022
  • 248

Ноокен райондук билим берүү бөлүмүнүн Көзөмөлчүлүк Кеңешти тандоо жана түзүү боюнча комиссиясы билим берүү мекемелеринде Көзөмөлчүлүк кеңешин түзүү боюнча
2014-жылдын 30-майындагы №81 “Көзөмөлчүлүк кеңеши жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы, Билим берүү жана илим министрлигинин 2021-жылдын 9-августундагы №139/1 буйругу жана 2021-жылдын 9-августундагы №08-128, 08.10.2021-жыл №08-163, 11.11.2021-жыл № 08-185 сандуу телефонограммаларын аткарууга алып Ноокен райондук билим берүү бөлүмү сынак жарыялайт!

Төмөнкүлөр Кеңештин мүчөлөрү боло алышат:
— Социалдык чөйрөдөгү мекемелерде же коомдук иште иш тажрыйбасы бар Кыргыз Республикасынын аракетке жөндөмдүү жарандары;
— ишкер чөйрөлөрдүн, илимий жана билим берүү уюмдарынын, маданий жана социалдык чөйрө мекемелеринин, өкмөттүк эмес жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, коммерциялык жана коммерциялык эмес уюмдардын, студенттик жана, ошондой эле гуманитардык жардам көрсөткөн жеке жактар.
— Комиссиянын курамына мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү;
— Социалдык чөйрөдөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган, жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү кеңеш сунуштаманы алган учурдан тартып 3 күндүн ичинде ал тарабынан Кеңештин мүчөлүгүнө көрсөтүлгөн талапкер боюнча жарандык коомдук уюмга жүйөлүү баш тартуу билдирүүгө укуктуу.
— Кеңештин курамынын ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аны бекиткен учурдан тартып 3 жылды түзөт. Бир эле адам чексиз жолу Кеңештин мүчөсү болууга укуктуу.
— Социалдык чөйрөдөгү мекеменин уюштуруучулары болуп саналган адамдар, ошондой эле мекемеге башчылык кылган жетекчилер
— Кеңештин мүчөсү боло алышпайт.
Кеңештин мүчөлөрү бир эле убакта социалдык чөйрөдөгү мекеменин бирден ашык Кеңешинин мүчөсү боло алышпайт.

— Кулактандыруу жарыяланган күндөн тартып 30 күндүн ичинде резюме тапшырылып, комиссия тарабынан өкүлдөнөт.
Документтерди кабыл алуучу жай:

721 200, Масы айылы, Токтогул көч №5.
тел: (03734) 5-00-45
р/с 1290364131510056
л/с 4408061101006857
ОАО «РСК Банк» Ноокен
ИНН 02905199210059
электрондук дарек: [email protected]

— Көзөмөлчүлүк кеңешке мүчө болуу үчүн сынакка катышуучу төмөндөгүдөй документтерди тапшыруусу керек:
— Жеке арызы;
— Резюме;
— Паспортунун көчүрмөсү;

— Жогорудагы талаптарга туура келбеген жарандар кабыл алынбайт. Кошумча маалыматтарды алуу үчүн райондук билим берүү бөлүмүнүн төмөнкү телефон номерине байланышсаңыздар болот.
тел: (03734) 5-00-45, 0772 634772 [email protected]

Поделиться
Комментарии
Комментарии отсутствуют. Будьте первым!